Жарнама

Бангладештеги ири аэропорттогу өрт 26 сааттан кийин өчүрүлдү, зыян 1 миллиард доллардан ашты

20.10.25 | 15:20
Бангладештеги ири аэропорттогу өрт 26 сааттан кийин өчүрүлдү, зыян 1 миллиард доллардан ашты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бангладештин борбору Дакка шаарында жайгашкан Хазрат Шахжалял эл аралык аэропортунун жүк бөлүмүндө чыккан өрт 26 сааттык аракеттерден кийин толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Dhaka Tribune басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, өрт ишемби күнү чыккан. Анын кесепетинен аэропорттогу бардык каттамдар токтотулуп, көптөгөн учуулар башка багыттарга бурулган. Өрт өчүрүү жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн билдиришинче, кырсыктан жалпысынан 35 адам жаракат алган, алардын арасында өрт өчүрүүчүлөр жана жарандык авиация кызматкерлери да бар.

Өрт толук өчүрүлгөн соң 23 бөлүм кайра ишке киргизилип, аэропорт каттамдар үчүн кайрадан ачылды.

Бангладештин Эл аралык аба экспресс ассоциациясы BBC агенттигине билдиргендей, өрттөн келтирилген зыян 1 миллиард доллардан ашышы мүмкүн деп болжолдонууда. Учурда чыгымдардын так суммасы эсептелип жатат.

Бул өрт Бангладеш тарыхындагы жүк ташуу инфраструктурасына тийгизген эң чоң зыяндардын бири катары каралууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча