Жарнама

Өзгөндүн Эски-Покровка айылына жаңы мектеп курулат — 180 млн сом бөлүнөт

20.10.25 | 15:56
Өзгөндүн Эски-Покровка айылына жаңы мектеп курулат — 180 млн сом бөлүнөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Эски-Покровка айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Мектептин курулушу президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Президент Садыр Жапаровдун 3-сентябрдагы №292 тескемесине ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн 180 миллион сом каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнөт.

Бул мектептин курулушу 2024-жылдын август айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн. Ал Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, айылдагы эски мектептин көйгөйлөрү менен таанышкан соң, жаңы билим берүү мекемесин куруу демилгеси колдоо тапкан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча