Өзгөндүн Эски-Покровка айылына жаңы мектеп курулат — 180 млн сом бөлүнөт
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Эски-Покровка айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Мектептин курулушу президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Президент Садыр Жапаровдун 3-сентябрдагы №292 тескемесине ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн 180 миллион сом каражат Турукташтыруу фондунан бөлүнөт.
Бул мектептин курулушу 2024-жылдын август айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн. Ал Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен жолугушуп, айылдагы эски мектептин көйгөйлөрү менен таанышкан соң, жаңы билим берүү мекемесин куруу демилгеси колдоо тапкан.