Бишкекте Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылы убактылуу чектелет
20.10.25 | 17:57
Бишкек шаарында 30-октябрга чейин суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөрүнө байланыштуу Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ишке байланыштуу төмөнкү автобус каттамдары убактылуу өзгөртүлдү:
-
№1
-
№243
-
№226
Бул автобустар Сүйөркулов жана Пудовкин көчөлөрү аркылуу жүрөт. Оңдоо иштери бүткөндөн кийин каттамдар мурдагы багытына кайтарылат.
“Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранабыз,” – деп билдиришти мэриядан.
Редактор
Редактор
Поделиться: