Жарнама

Бишкекте Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылы убактылуу чектелет

20.10.25 | 17:57
Бишкекте Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылы убактылуу чектелет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында 30-октябрга чейин суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөрүнө байланыштуу Жукеев–Пудовкин көчөсүндө транспорт кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ишке байланыштуу төмөнкү автобус каттамдары убактылуу өзгөртүлдү:

  • №1

  • №243

  • №226

Бул автобустар Сүйөркулов жана Пудовкин көчөлөрү аркылуу жүрөт. Оңдоо иштери бүткөндөн кийин каттамдар мурдагы багытына кайтарылат.

“Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап алууну суранабыз,” – деп билдиришти мэриядан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча