Япониянын биринчи аял премьер-министри дайындалды
Япония өкмөтү премьер-министр Сигэру Исиба менен бирге отставкага кетти. Бул тууралуу Kyodo агенттиги кабарлады.
Отставкадан кийин Япония парламенти жаңы премьер-министрди шайлап, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Санаэ Такаити кызматка келди. Ал Япониянын тарыхындагы биринчи аял премьер-министр болуп калды.
Санаэ Такаити Либералдык-демократтардын жаңы төрайымы катары октябрь айынын башында шайланган. Партия ичиндеги добуш берүүдө ал 185 добуш менен жеңишке жетти, анын атаандашы Синдзиро Коидзуми 156 добуш алды.
Жаңы премьер-министр — катаал консерватор. Ал аялдардын никеге туруп кыздардын фамилияларын сактоосуна каршы жана жыныстык азчылыктардын үйлөнүү укугун колдобойт. Ошондой эле коопсуздук жана пацифисттик конституцияны кайра карап чыгуу маселелеринде да катуу позицияны карманат.
Санаэ Такаити Улуу Британиянын “темир айымы” Маргарет Тэтчерге суктанат жана ушул сыяктуу күчтүү лидер болууну көздөйт.