Камчыбек Ташиев композитор Хабибилла Азиреткуловго жаңы батирдин ачкычын тапшырды
Бүгүн, 22-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, композитор Хабибилла Азиреткуловго жаңы батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, композитордун материалдык абалы тууралуу кайрылуу буга чейин Жогорку Кеңеш аркылуу Ташиевге жөнөтүлгөн. Натыйжада, анын жашоо шартын жакшыртуу максатында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен 2 бөлмөлүү батир сатып алынып берилди.
66 жаштагы Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында эмгектенип келген. Ал учурда Бишкектеги орто мектептердин биринде музыка мугалими болуп иштейт. Композитор 8 баланын атасы, алардын төртөө азырынча бойго жете элек.
Маданият өкүлүнүн турмуш шартын жакшыртуу боюнча көрсөтүлгөн жардам коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.