Жарнама

Камчыбек Ташиев композитор Хабибилла Азиреткуловго жаңы батирдин ачкычын тапшырды

22.10.25 | 14:40
Камчыбек Ташиев композитор Хабибилла Азиреткуловго жаңы батирдин ачкычын тапшырды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 22-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, композитор Хабибилла Азиреткуловго жаңы батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, композитордун материалдык абалы тууралуу кайрылуу буга чейин Жогорку Кеңеш аркылуу Ташиевге жөнөтүлгөн. Натыйжада, анын жашоо шартын жакшыртуу максатында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен 2 бөлмөлүү батир сатып алынып берилди.

66 жаштагы Хабибилла Азиреткулов өмүр бою маданият тармагында эмгектенип келген. Ал учурда Бишкектеги орто мектептердин биринде музыка мугалими болуп иштейт. Композитор 8 баланын атасы, алардын төртөө азырынча бойго жете элек.

Маданият өкүлүнүн турмуш шартын жакшыртуу боюнча көрсөтүлгөн жардам коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча