Бишкекте Asia Mall соода борборунун жанында 3 жашар баланы унаа сүзүп, каза болду
22.10.25 | 14:50
Бишкектеги Asia Mall соода борборунун жанында 3 жашар наристе унаа сүзүп кеткенден кийин чарчап калды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 20-октябрда саат 18:40 чамасында Айтматов менен Алтымышев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. GMC ACADIA үлгүсүндөгү унааны башкарган 39 жаштагы айдоочу наристени сүзүп алган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (автотранспорт каражаттарынын коопсуздук эрежелерин бузуу) 3-бөлүмү (этиятсыздык менен өзгөчө оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Редактор
Редактор
Поделиться: