Жарнама

Нурзат Нуртаева Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты

22.10.25 | 16:47
Нурзат Нуртаева Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандын балбан кызы Нурзат Нуртаева Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунда ийгилик менен алдыга кадам таштады. Ал 72 килограмм салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалга чыгып, кыргыз күрөшүнүн беделин эл аралык ареналарда көтөрүүдө.

Нурзаттын алгачкы атаандашы Германиядан келген Лаура Кёлер болду. Бул беттеште кыргыз балбанынын үстөмдүгү так көрүндү — Нуртаева 6:1 эсебинде жеңишке жетти.

Айта кетсек, Нурзат Нуртаева сентябрда Хорватияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча