Жарнама

Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен орун басарынын камак мөөнөтү узартылды

22.10.25 | 17:25
Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен орун басарынын камак мөөнөтү узартылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөттөрү 20-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаардык соту билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим Ленин райондук соту тарабынан 14-октябрда кабыл алынган.

Эске салсак, 2024-жылдын 6-декабрында УКМК тарабынан Абдувапов менен Кыдыргычов кармалган. Атайын кызмат алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуу менен байланышкан кылмыштуу операцияларга тиешеси бар экенин билдирген.

Ошондой эле, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев июль айында Ош облусунда өткөн жыйында Алтынбек Абдуваповдун байлыгы 55 миллион долларга барабар экенин айтып, коомчулукту таң калтырган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча