Жарнама

Ошто кытайлык дарыгерлер 317 бейтапка акысыз операция жасады

24.10.25 | 16:17
Ошто кытайлык дарыгерлер 317 бейтапка акысыз операция жасады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

11-22-октябрь күндөрү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында Кытайдын көз дарыгерлери “Экспресс ден соолук — жаркын саякат” долбоорунун алкагында иш алып барды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Долбоордун негизги максаты — Кыргызстандын түштүк аймагындагы калкка, өзгөчө катаракта жана глаукома менен жабыркаган бейтаптарга жогорку технологиялык офтальмологиялык жардам көрсөтүү.

Эки жуманын ичинде кытайлык адистер тарабынан 317 бейтапка акысыз операциялар жүргүзүлдү. Ар бир операциянын орточо наркы 100 миң сомдон ашат, бирок бардык чыгымдар Кытай Республикасынын эсебинен каржыланган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча