Жарнама

Бишкекте милиция кызматкерлерин сөккөн жаран кармалды

27.10.25 | 09:18
Бишкекте милиция кызматкерлерин сөккөн жаран кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарында жол кыймылын тескөөчүлөрдүн дарегине жаман сөздөрдү айткан жарандар кармалышты. Бул тууралуу борбор калаанын Кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тескөөчүлөр тарабынан токтотулган унаанын айдоочусу милиция кызматкерлерине сөгүнүп, агрессивдүү мүнөз көрсөттү. Натыйжада ал Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Медициналык кароонун жыйынтыгында айдоочу жана анын жүргүнчүсү спирт ичимдиктерин колдонгону аныкталган. Унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча