Бетине калемпир газын чачып... Чүйдө каракчылыкка шектелген топ кармалды
Чүй облусунда каракчылыкка шектелген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу 27-октябрда облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Москов райондук ички иштер бөлүмүнө инкассатор болуп иштеген А.К. кайрылып, белгисиз азия улутундагы адамдардан чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 18-октябрда болжол менен саат 04:30 чамасында Москов районунун Петровка айылынын Ак-Суу бурулушунда, газ заправкасынын артында, беткап кийген белгисиз адамдар бетине калемпир газын чачып, эки сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында 1988-жылы туулган С.Т., 1987-жылы туулган И.Н., 2000-жылы туулган У.М., 2002-жылы туулган Д.Ш. аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот алардын ар бири боюнча камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.