Жарнама

Баткенде уурулукка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды

27.10.25 | 12:50
Баткенде уурулукка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Баткенде уурулукка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу 27-октябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-октябрда болжол менен саат 23:30 чамасында Баткен шаарында уурулук фактысы катталган. Тактап айтканда, Баткен шаарынын убактылуу жашоочусу, 37 жаштагы М.К., өзүнүн бөлмөсүндө калган жеке буюмдарын — “Samsung A50” үлгүсүндөгү уюлдук телефон, кийим-кече жана 6 000 сом акчаны белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуга жалпы 19 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталды.

Баткен ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылмышка кошуна мамлекеттин жараны Р.Д. шектүү катары кармалып, учурда убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча