Баткенде уурулукка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды
Баткенде уурулукка шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу 27-октябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-октябрда болжол менен саат 23:30 чамасында Баткен шаарында уурулук фактысы катталган. Тактап айтканда, Баткен шаарынын убактылуу жашоочусу, 37 жаштагы М.К., өзүнүн бөлмөсүндө калган жеке буюмдарын — “Samsung A50” үлгүсүндөгү уюлдук телефон, кийим-кече жана 6 000 сом акчаны белгисиз адам уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуга жалпы 19 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталды.
Баткен ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган кылмышка кошуна мамлекеттин жараны Р.Д. шектүү катары кармалып, учурда убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда. Учурда тергөө иштери улантылууда.