Эртең өлкөнүн тоолуу аймактарында жаан күтүлөт
27.10.25 | 15:22
Эртең, 28-октябрда, Кыргызстандын тоолуу аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөнкүдөй болот:
-
Чүй облусу: түнкүсүн +4...+9°, күндүз +17...+22°
-
Талас облусу: түнкүсүн +4...+6°, күндүз +18...+20°
-
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +10...+12°, күндүз +25...+27°
-
Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +4...+6°, күндүз +14...+16°
-
Нарын облусу: түнкүсүн +1...+3°, күндүз +13...+15°
Бишкек шаарында: түнкүсүн +7...+9°, күндүз +19...+21° жылуу болот.
Редактор
Редактор
Поделиться: