Зеленский: "Ок атышууну токтотуу планы 7–10 күндүн ичинде даярдалат"
27.10.25 | 17:19
"Каалоочулардын коалициясы" Украинанын аймагында ок атышууну токтотуу боюнча планды алдыдагы 7–10 күндүн ичинде даярдоону пландап жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазышты.
“Бир нече кыска пункт бар. Мисалы, ок атышууну токтотуу планы. Биз алдыдагы жума же он күндүн ичинде бул багытта иш алып барууну чечтик”, — деп белгиледи Зеленский.
Анын айтымында, азырынча Орусиянын президенти Владимир Путин бул планды кабыл алышы мүмкүн эмес.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров европалык лидерлер менен болгон жолугушууда Зеленскийдин ок атышууну токтотуу чакырыктары Киевге кайра топтолууга убакыт берүү максатында жасалып жатканын билдирген.
Редактор
Редактор
Поделиться: