Жарнама

Садыр Жапаров: "2,5 жылдан кийин Кыргызстан электр энергиясын импорттобой калат"

27.10.25 | 17:40
Садыр Жапаров: "2,5 жылдан кийин Кыргызстан электр энергиясын импорттобой калат" КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстан 2,5 жылдан кийин кыш мезгилинде электр энергиясын импорттобой калат. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров 27-октябрда Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл ГЭСинин ачылышында билдирди.

Президенттин айтымында, ошол убакта өлкө өзүн толук электр энергиясы менен камсыз кыла алат.

“Азырынча кышкысын дагы деле импортко муктажбыз. Көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер ишке берилип жатканы менен, завод-фабрикалар, турак үйлөр, мектептер жана бала бакчалар көбөйгөн сайын электр энергиясына болгон талап да өсүүдө.
Бирок, Кудай буюрса, 2,5 жылдан кийин кышкы дефицитти толук жоёбуз. Ошондуктан кышкысын жарык өчүп жатат деп нааразы болбой, 30 жыл чыдаган эл дагы 2,5 жыл чыдайт деп ишенем”, —
деди мамлекет башчы.

Жапаров кошумчалагандай, акыркы жылдары өлкө жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат. Анын айтымында, бул багытта инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлүп, туруктуу жана ачык саясат жүргүзүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча