Кыргызстандын аймагында 3,5 баллдык жер титирөө катталды
28.10.25 | 10:41
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Жер титирөө саат 2:05те катталган. Анын очогу Кашка-Суу айылынан 18 чакырым түндүк-батышта, Кара-Кабак айылынан 19 чакырым түндүк-батышта жана Дароот-Коргон айылынан 35 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Сейсмологдордун маалыматы боюнча, жер титирөө Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Кабык айылдарында 3 баллга, ал эми Сары-Могол, Дароот-Коргон жана Талды-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Бактыга жараша, жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн эмес.
Редактор
Редактор
Поделиться: