Жарнама

Садыр Жапаров Жалал-Абадда жаңы көп кабаттуу турак жайларды тапшыруу салтанатына катышты

28.10.25 | 11:36
Садыр Жапаров Жалал-Абадда жаңы көп кабаттуу турак жайларды тапшыруу салтанатына катышты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абаддын Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак-жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Жапаров белгилегендей, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2015-жылы 10 миллион сомду түзсө, быйыл ал 87,5 миллиард сомго жеткен. Үй алуу үчүн арыздарды кабыл алуу санариптештирилип, “Түндүк” мобилдик тиркемеси ишке киргизилген. Бул автоматташтырылган кезек системасы аркылуу коррупциялык тобокелдиктерден арылууга өбөлгө түздү.

Азыркы учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон, дагы 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн кезегин күтүп жатат. Мамлекеттик ипотекалык компания жеткиликтүү турак жай системасынын натыйжалуу жана туруктуу моделин көрсөтүп, экономикалык өсүштү жана инфратүзүмдүн өнүгүшүн стимулдаштырууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча