БШК шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган жарандарга айып пул салды
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузду деген негиз менен бир катар адамга айып пул салганын билдирди.
Маалыматка ылайык, Facebook баракчасында үгүт эрежелерин бузган жана талапкерлердин кадыр-баркына доо кетирген маалыматтарды тараткан деген жүйө менен Бакмурат Токтогуловго 19 500 сом айып салынган.
Ошондой эле, жарандык активист Айбек Теңизбайга, журналисттер Мирлан Дүйшөнбаев менен Нургазы Анаркуловго, депутаттыкка талапкерлер Карим Ханджеза жана Канат Хасановго 7 500 сомдон айып пул салынды.
Буга чейин да БШК үгүт иштерин бузгандарга айып салган учурлар болгон.
Белгилей кетсек, кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат, ал эми шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда гана старт берилет.