Ысык-Ата районунда 226 гектар жер мамлекетке кайтарылды
28.10.25 | 14:14
Жалпы аянты 226 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жерлер 1992–1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылган. Ошондон бери жер тилкелери жергиликтүү тургундар тарабынан пайдаланылып келген.
УКМК белгилегендей, айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери көп жылдар бою жерлерди мамлекеттик менчикке өткөрүү үчүн зарыл болгон расмий жол-жоболорду аткарбай, айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз бөлүп берип келишкен.
Ошондой эле бул жерлер үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөнбөгөнү да аныкталган.
Редактор
Редактор
Поделиться: