Жарнама

Ысык-Ата районунда 226 гектар жер мамлекетке кайтарылды

28.10.25 | 14:14
Ысык-Ата районунда 226 гектар жер мамлекетке кайтарылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жалпы аянты 226 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жерлер 1992–1994-жылдары мыйзамсыз түрдө муниципалдык менчиктин балансынан чыгарылган. Ошондон бери жер тилкелери жергиликтүү тургундар тарабынан пайдаланылып келген.

УКМК белгилегендей, айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери көп жылдар бою жерлерди мамлекеттик менчикке өткөрүү үчүн зарыл болгон расмий жол-жоболорду аткарбай, айрым адамдарга айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо максатында мыйзамсыз бөлүп берип келишкен.

Ошондой эле бул жерлер үчүн мамлекетке ижара төлөмдөрү төлөнбөгөнү да аныкталган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча