Жарнама

Чүйдө мас абалдагы айдоочу айып короодон унаасын айдап качып, кырсык жаратты

28.10.25 | 14:44
Чүйдө мас абалдагы айдоочу айып короодон унаасын айдап качып, кырсык жаратты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 28-октябрда, Чүй облусунда мас абалда болгон 36 жаштагы Mercedes-Benz Sprinter айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочу Кемин районунун Орловка айылында жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкерлер тарабынан токтотулган. Текшерүү учурунда анын мас абалда экени аныкталган, унаасы болсо айып короого жеткирилген.

Бирок айдоочу ошол жерден унаасын айдап качып кетүүгө үлгүргөн. Ал Бишкек–Нарын–Торугарт трассасына чыгып, милиция кызматкерлеринен качып баратып, Mitsubishi Pajero үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Натыйжада жол кырсыгы катталып, жол тескөөчүлөрдүн бири жеңил жаракат алган.

Кийин унаа кайрадан айып короого токтотулуп, айдоочу Кемин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча