Жарнама

Аскердик бөлүктө азык-түлүк уурулугу аныкталды

28.10.25 | 17:30
Аскердик бөлүктө азык-түлүк уурулугу аныкталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Аскердик прокуратура ички иштер органдары менен биргеликте аскердик бөлүктөрдүн бириндеги уурулук фактысын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аскер бөлүгүнүн азык-түлүк кампасынын башчысы, прапорщик С.К., кызматтык абалынан пайдаланып, аскер кызматкерлери үчүн бөлүнгөн азык-түлүктөрдү системалуу түрдө өзүнө ыйгарып келген.

Ал колбаса, макарон, күрүч, туз, шекер, май жана башка азыктарды базарда арзан баада мыйзамсыз сатып жүргөндүгү аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында С.К. кезектеги мыйзамсыз сатуу учурунда кармалып, камакка алынган. Учурда бул факт боюнча башка кызмат адамдарынын катыштыгы текшерилип, кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча