Бишкекте ЖЭБдин жанында катталган жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болду
Бишкекте Жылуулук электр борборунун жанында үрөй учурган жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен эки жаш өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Кайгуул милиция кызматы кабарлады.
Окуя түнкү саат 04:00 чамасында Шабдан Баатыр проспектисинде катталган. Маалыматка ылайык, 2008-жылы туулган С.Б. аттуу өспүрүм ата-энесинин уруксатысыз Toyota Sienna үлгүсүндөгү унааны айдап чыгып, унааны башкара албай электр мамысын сүзүп кеткен.
Кырсыктын натыйжасында унаада болгон 2008-жылы туулган З.Н. жана 2007-жылы туулган А.Н. окуя болгон жерде каза болушкан. Айдоочу ооруканага ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.
Кайгуул милициясы билдиргендей, айдоочу жашы жете элек жана айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул кайгылуу окуя жаштар арасында жол эрежелерине көңүл буруу жана ата-энелердин көзөмөлүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салат.