"Мурас Юнайтед" клубу Ливандын "Сафа" клубун утуп алды
29.10.25 | 10:42
Кыргызстандын “Мурас Юнайтед” футбол клубу АФКнын чакырык лигасында Ливандын “Сафа” командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Беттеш 28-октябрда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, жеңишке Ислам Юнусов жана Нурсултан Токтоналиев киргизген голдор себеп болду.
Оюндун жүрүшүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев да стадиондон байкап, командага колдоо көрсөттү.
Редактор
Редактор
Поделиться: