Жарнама

Ямайканы 5-категориядагы “Мелисса” бороон-чапкандын соккусу алды

29.10.25 | 11:28
Ямайканы 5-категориядагы “Мелисса” бороон-чапкандын соккусу алды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ямайкада эң жогорку — бешинчи категориядагы “Мелисса” аттуу кооптуу ураган катталды. Бул Атлантика аймагында байкалган эң күчтүү бороон-чапкындардын бири катары бааланууда. Бул тууралуу ABC News агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, саатына 257 чакырым ылдамдыктагы шамал, катуу жаан жана деңиз ташкыны аралды кыйратып, олуттуу зыян келтирди. Ураган Ямайкадан кийин Кубанын чыгыш бөлүгүнө карай багыт алган.

БУУнун өкүлү Стефан Дюжарриктин айтымында, уюмдун бир катар агенттиктери Кариб деңиз аймагына гуманитардык жардам жеткирүү иштерин башташты. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Барбадостон деңиз аркылуу жардам жөнөтүүнү координациялап жатат. Ошондой эле, 2000дөй жардам комплектин аба аркылуу жеткирүү иши аэропорттор ачылгандан кийин жүргүзүлмөкчү.

БУУ Куба жана Гаити өлкөлөрүнө да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Ошол эле учурда Ямайка өкмөтү табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн каражат чогултуучу атайын онлайн-платформаны ишке киргизгенин өлкөнүн маалымат министри Дана Моррис Диксон билдирди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча