Стамбулга жакын Гебзе шаарында турак-жай имараты кулады
29.10.25 | 14:14
Түркиянын Стамбул шаарынан болжол менен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Гебзе шаарында алты кабаттуу турак-жай имараты кулады. Азырынча жабыркагандардын саны белгисиз. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Окуя болгон жерге куткаруу кызматтары жөнөтүлүп, издөө-куткаруу иштерине киришкен. Маалыматтарга караганда, үйдүн жанында метро линияларын тартуу боюнча курулуш иштеринин жүрүп жатканы белгиленген.
Басылмалар урандылар астында болжол менен алты адам болушу мүмкүн экенин жазышты.
Гебзе шаарынын мэри Зиннур Бююкгёз бул үйдө 7 адамдан турган эки үй-бүлө жашагандыгын билдирип, алардын кайда экендиги боюнча маалымат топтолуп жатканын кошумчалады.
Редактор
Редактор
Поделиться: