Жарнама

АКШнын Индиана штатында кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгы катталды

30.10.25 | 09:29
АКШнын Индиана штатында кыргыз жарандары катышкан жол кырсыгы катталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

АКШнын Индиана штатында Кыргызстандын үч жараны катышкан жол кырсыгы болду. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен каза болгондор бар.

Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугу каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрү менен байланышта болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө. Ошондой эле жергиликтүү укук коргоо органдары жана ритуалдык кызматтар менен өз ара иштешүү уюштурулган.

Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын тактоо жана зарыл болгон процедураларды жүргүзүү иштери жүрүп жатат. Бул иштердин алкагында каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча да чаралар көрүлүүдө.

Тышкы иштер министрлиги кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алып, жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө ар тараптуу жардам көрсөтүүнү улантарын билдирди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча