Жарнама

Балыкчы шаарында жаңы көчө чырактары орнотулду

30.10.25 | 11:40
Балыкчы шаарында жаңы көчө чырактары орнотулду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кечээ, 29-октябрда, Балыкчы шаарында жаңы көчө чырактары ишке киргизилди. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, этнопарктан башталып, айланма жолго чейинки аралыкта жалпы 60 даана заманбап көчө чырагы орнотулган. Долбоордун максаты — шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана түнкү убакта ыңгайлуулукту жогорулатуу болуп саналат.

Иш-чарага шаар башчысы Баатырбек Жантаев катышып, долбоорго расмий түрдө старт берди.

Мэриянын маалыматы боюнча, шаардын бардык аймактарын жарыктандыруу иштери мындан ары да улантылат.

Эске салсак, ушундай көчө чырактары учурда Бишкектеги Айтматов көчөсүнө да орнотулууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча