Жарнама

Трамп менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү Пусанда аяктады

30.10.25 | 11:52
Трамп менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү Пусанда аяктады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү Түштүк Кореянын Пусан шаарында аяктады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, жолугушуу бир саат 40 мүнөткө созулуп, Гимхэ аэропортунун жанындагы авиабазада өткөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки лидер кыскача баарлашып, кол алышкан.

Америкалык делегациянын курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио, казыначылык катчысы Скотт Бессент жана соода өкүлү Джеймисон Грир болгон.

Тараптар соода, ядролук коопсуздук жана аймактык туруктуулук маселелерин талкуулашкан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн соңунда биргелешкен билдирүү жасалган эмес.

Трамп жолугушуудан кийин Air Force One учагына отуруп, АКШга кайткан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча