«Город 312» тобунун солисткасы Светлана Назаренко оор инсульттан кийин биринчи жолу сахнага чыкты
«Город 312» тобунун солисткасы Светлана Назаренко оор инсульттан кийин биринчи жолу сахнага чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, ырчы Москвадагы «ВТБ Аренада» өткөн «Алтын граммофон» музыкалык сыйлыгынын юбилейлик концертинде сахнага чыгып, белгилүү «Останусь» аттуу ырын аткарган. Назаренко акыркы жолу сахнага 2 жыл 7 ай мурун чыккан.
Топтун мүчөлөрү анын абалы күндөн күнгө жакшырып жатканын билдиришип, бул күн алар үчүн өзгөчө толкундануу жаратканын айтышты. Учурда ырчы гастролдорго чыга элек, бирок кайрадан сахнага кайтууга активдүү даярданып жатканы белгиленди.
Музыканттардын айтымында, топ азыр Назаренконун реабилитациясын колдоо багытында иш алып барууда.
Эске салсак, буга чейин Светлана Назаренко Андрей Малаховго берген маегинде, COVID илдети анын инсультка кабыл болушуна себеп болгонун айткан.