Жарнама

«Город 312» тобунун солисткасы Светлана Назаренко оор инсульттан кийин биринчи жолу сахнага чыкты

31.10.25 | 10:18
«Город 312» тобунун солисткасы Светлана Назаренко оор инсульттан кийин биринчи жолу сахнага чыкты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

«Город 312» тобунун солисткасы Светлана Назаренко оор инсульттан кийин биринчи жолу сахнага чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, ырчы Москвадагы «ВТБ Аренада» өткөн «Алтын граммофон» музыкалык сыйлыгынын юбилейлик концертинде сахнага чыгып, белгилүү «Останусь» аттуу ырын аткарган. Назаренко акыркы жолу сахнага 2 жыл 7 ай мурун чыккан.

Топтун мүчөлөрү анын абалы күндөн күнгө жакшырып жатканын билдиришип, бул күн алар үчүн өзгөчө толкундануу жаратканын айтышты. Учурда ырчы гастролдорго чыга элек, бирок кайрадан сахнага кайтууга активдүү даярданып жатканы белгиленди.

Музыканттардын айтымында, топ азыр Назаренконун реабилитациясын колдоо багытында иш алып барууда.

Эске салсак, буга чейин Светлана Назаренко Андрей Малаховго берген маегинде, COVID илдети анын инсультка кабыл болушуна себеп болгонун айткан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча