Бишкек менен Балыкчыга коюлган көчө чырактары Ошко да орнотулмакчы
Ош шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүүнүн башкы планынын алкагында борбордук көчө жаңылана турганын билдирип, долбоордун сүрөттөрүн жарыялады.
Маалыматка караганда, Абдыкадыров көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Закиров көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылып, көчө Осмонов көчөсүнө чейин кеңейтилет.
“Заманбап көчө чырактары орнотулуп, жолдогу эски бетон тосмолор мрамор таштар менен жасалгаланат. Көчө заманбап жана эстетикалык көрүнүшкө ээ болот. Бул көчө Ак-Буура дарыясынын үстүнөн өтүп, шаарды бириктирип турган өзгөчө маанидеги борбордук көчө болуп саналат,” — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле калаа бийлиги көрсөткөн сүрөттөрдө жаңы орнотулуучу көчө чырактары Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жана Балыкчы шаарындагы көчөлөрдө колдонулган түргө окшош экени белгиленген.
Жаңы долбоор ишке ашса, шаар тургундары үчүн коопсуз, жарык жана заманбап шарт түзүлмөкчү.