Жарнама

Бишкекте 3-ноябрдан тарта жылуулук берилет

31.10.25 | 11:16
Бишкекте 3-ноябрдан тарта жылуулук берилет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарынын тургундарына 3-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэрия 31-октябрда расмий билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге шаар мэри Айбек Жунушалиев кол койгон.

Жылуулук берүү процесси бир нече күнгө созулат. Алгач жылуулук билим берүү жана социалдык мекемелерге — мектептерге, бала бакчаларга жана төрөт үйлөрүнө берилет. Андан кийин турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана башка мекемелерге жеткирилет.

Мэриянын маалыматы боюнча, жылуулук берүү мөөнөтү аба ырайынын туруксуздугуна жараша белгиленди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча