Жарнама

Бишкектеги “Булки” түнкү клубунун жанындагы мушташ: 5 адам кармалды

31.10.25 | 11:36
Бишкектеги “Булки” түнкү клубунун жанындагы мушташ: 5 адам кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарындагы “Булки” түнкү клубунун жанында чыккан мушташтын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы (БШИИББ) билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-октябрда саат 7:25тер чамасында милицияга аталган мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге патрулдук милициянын кызматкерлери барып, маалыматты тастыкташкан.

Натыйжада жаңжалдын 5 катышуучусу кармалып, алар сурак берүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бишкек милициясынын билдирүүсүндө учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатканы, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканы жана кошумча маалымат кийинчерээк берилери айтылат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча