Жарнама

Ооганстан менен Пакистан Стамбулда чектеги кагылыштарды токтотуу боюнча макулдашты

31.10.25 | 13:01
Ооганстан менен Пакистан Стамбулда чектеги кагылыштарды токтотуу боюнча макулдашты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ооганстан менен Пакистан Түркия жана Катардын арачылыгы менен Стамбулда жолугушуп, чектеги кагылыштарды токтотуу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25–30 октябрда төрт өлкөнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр өтүп, Дохада токтоп калган келишим бекемделди. Кошумча эрежелер 6-ноябрда жогорку деңгээлдеги жолугушууда талкууланып, расмий бекитилет.

Жолугушууда тараптар согуштук аракеттерди токтотуу жана аны бузган тарапка чара көрүү үчүн көзөмөл жана текшерүү механизми түзүү боюнча макулдашышты.

Эске салсак, Пакистан менен Ооганстан ортосундагы кагылышуудан кийин 15-октябрда 48 сааттык ок атышууну токтотуу жарыяланган жана Дохадагы сүйлөшүүлөрдүн соңуна чейин узартылган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча