Жарнама

Орусия 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүүгө даяр

31.10.25 | 18:53
Орусия 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүүгө даяр КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Орусия мектепте 12 жылдык билим берүү системасына өтүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Коомдук палатасынын катчысынын орун басары Владислав Грибге шилтеме берип, чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, бул “убакыттын гана маселеси” болуп, коомчулук дүрбөлөңгө түшпөстөн, талкуу аркылуу маселенин бардык жагын карап чыгышы керек. Азыркы учурда өлкөдө толук орто билим алуу 11 жылга созулат.

Гриб белгилегендей, иш жүзүндө Орусияда 12 жылдык билим берүү тутуму буга чейин эле колдонулуп келет, анткени бала бакчадагы акыркы жыл “нөлдүк класс” катары каралат.

Өлкөнүн Билим берүү министрлиги да бул идеяга жооп берип, учурдагы система балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрүүгө дуушар болуп жатканын билдирди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча