Таш-Көмүрдө алгачкы ипотекалык турак-жай пайдаланууга берилди
Таш-Көмүр шаарында алгачкы ипотекалык турак-жай пайдаланууга берилди. Саамалыкка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Иш-чаранын башында жаңы турак-жайдын буга чейинки абалы тууралуу видео тасма көрсөтүлдү. Өз сөзүндө Ташиев шаардын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, буга чейин 100 миллион сом каражат бөлүнгөнүн маалымдады. Андан тышкары жакынкы аралыкта оорукана, парк жана спорт комплекси сыяктуу социалдык маанидеги объектилер курулаары айтылды.
Жаңы комплексте төмөнкүлөр бар:
-
4 кабаттуу эки үй
-
96 батир
-
Балдар ойноочу аянтчалар жана спорттук оюн аянтчалары
-
2 кабаттуу коммерциялык имарат
Ар бир батир санузел, электр энергиясы жана жылытуу системасы менен камсыздалып, жашоого бардык шарттар түзүлгөн.
Белгилей кетсек, имараттар мурда Союз мезгилинде заводдун жатаканасы болуп, эгемендик жылдары каралбай, таланып-тонолгон. Кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин заманбап турак-жайга айланган.
Иш-чарадан соң Ташиев Кызыл-Алма айылына курула турган жаңы спорттук комплекстин долбоору менен таанышып, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.