Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды
03.11.25 | 10:13
Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымат берди.
Билдирүүгө ылайык, жер силкинүү 2-ноябрда саат 18:13тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кашка-Суу айылынан 16 чакырым түндүк-батышта, Кара-Кабак айылынан 17 чакырым түндүк-батышта, Кара-Өтөк айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 85 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кашка-Суу, Кара-Кабак айылдарында 2 баллга жеткен.
Редактор
Редактор
Поделиться: