Жарнама

Бишкекте жеке мектептеги шаурмадан уулангандардын саны 84кө жетти

03.11.25 | 12:42
Бишкекте жеке мектептеги шаурмадан уулангандардын саны 84кө жетти КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте жеке мектептеги шаурмадан уулангандардын саны 84кө жетти, алардын арасында экинчи ирет кайрылгандар да бар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда 10 окуучу жана 2 чоң киши ооруканага жаткырылган. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Департаменттин маалыматына ылайык, "31-октябрда кечки саат 22:00 чамасынан баштап уулангандар ооруканага кайрыла баштады. Анда алардын саны 63кө жакындаган. Бейтаптарга жардам берилип, айрымдары ооруканага жаткырылды. Балдар бир күн бою мектептин ашканасында сүт, быламык, шаурма, горох шорпосу, круассан жешкен. Массалык уулануу фактысы боюнча санитардык-эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Учурда экспертизаларга тийиштүү тамактардын баары алынган, анын ичинде шаурма да бар. Мектеп учурда жабык, ал жакта тийиштүү тазалоо иштери жүрүп жатат", - деп билдирген департамент.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мектеп жетекчилигине карата протокол түзүлүп, жалпы 33 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча