Сербия мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрөт
Сербиянын президенти Александр Вучич парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады.
Президенттин айтымында, добуш берүү азыркы парламенттин мөөнөтү аяктаганга чейин — башкача айтканда, 2027-жылдын декабрына чейин өткөрүлөт. Бирок шайлоонун так датасы кийинчерээк белгиленмекчи.
“Өлкөдөгү олуттуу азчылыкты түзгөн оппозициялык блоктордун талаптарын эске алып, биз аларды канааттандырууну чечтик. Ошондуктан шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт”, — деп билдирди Вучич.
Эске салсак, Сербияда массалык нааразычылык акциялары 2024-жылдын 1-ноябрында, Нови-Сад темир жол станциясында чатырдын кулашынын бир жылдыгында башталган. Ал кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болгон.
Май айынан тартып нааразычылык акцияларынын катышуучулары мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып келишет. Ал эми бийлик өкүлдөрү бул нааразычылыктардын артында сырткы күчтөр турушу мүмкүн деген пикирди билдиришүүдө.