Жарнама

Чүйдө үй-бүлөлүк чырдан улам аял киши өлтүрүлдү

04.11.25 | 11:36
Чүйдө үй-бүлөлүк чырдан улам аял киши өлтүрүлдү КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

1-ноябрда Москва райондук ички иштер бөлүмүнө Бала-Айылчы айылында аял киши өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, бул факты Москва райондук ИИБде каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Окуя болгон жерге райондук жана облустук милициянын ыкчам-тергөө тобу барып, үй-бүлөлүк чыр-чатактын натыйжасында 1962-жылы туулган Э.С. мас абалында 1976-жылы туулган жубайы Ж.Н.га мергенчилик мылтыктан ок чыгарганын аныкташкан.
Аял алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү Э.С.
КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Москва райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча