Президентти Египетке кимдер коштоп кетти? Делегациянын курамы
Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына расмий сапар менен учуп кетти. Сапар Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен уюштурулган.
Сапардын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу, соода-экономика, инвестиция, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты талкуулоо пландалууда.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар:
-
Садыр Жапаров — президент;
-
Жээнбек Кулубаев — Тышкы иштер министри;
-
Сагынбек Абдумуталип — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
-
Улукбек Марипов — Сауд Аравия падышалыгы жана Египетте Кыргызстандын элчиси;
-
Мелис Тургунбаев — Улуттук банктын төрагасы;
-
Бактияр Орозов — Илим, жогорку билим жана инновациялар министри;
-
Медер Машиев — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
-
Азамат Жамангулов — Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
-
Бакыт Сыдыков — Экономика жана коммерция министри;
-
Азамат Юсупов — президентке караштуу дин жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору.