Жарнама

Президентти Египетке кимдер коштоп кетти? Делегациянын курамы

04.11.25 | 12:53
Президентти Египетке кимдер коштоп кетти? Делегациянын курамы КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына расмий сапар менен учуп кетти. Сапар Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу менен уюштурулган.

Сапардын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу, соода-экономика, инвестиция, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты талкуулоо пландалууда.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар:

  • Садыр Жапаров — президент;

  • Жээнбек Кулубаев — Тышкы иштер министри;

  • Сагынбек Абдумуталип — президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

  • Улукбек Марипов — Сауд Аравия падышалыгы жана Египетте Кыргызстандын элчиси;

  • Мелис Тургунбаев — Улуттук банктын төрагасы;

  • Бактияр Орозов — Илим, жогорку билим жана инновациялар министри;

  • Медер Машиев — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;

  • Азамат Жамангулов — Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;

  • Бакыт Сыдыков — Экономика жана коммерция министри;

  • Азамат Юсупов — президентке караштуу дин жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча