Жарнама

Садыр Жапаров энергетика министринин иш-аракеттерине кескин баа берди

04.11.25 | 14:12
Садыр Жапаров энергетика министринин иш-аракеттерине кескин баа берди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын калкты электр энергиясына болгон "Чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мамлекет башчысы электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелерге жол берилбестигин жана алар коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Президент бул тарифти колдонууну тез арада токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.



Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча