"Мамлекеттик" тарифи ─ мамлекеттик кызматкерлер үчүн ыңгайлуу байланыш
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору калкынын жыргалчылыгы үчүн талыкпай эмгектенген мугалимдер, дарыгерлер, ӨКМ, аскер кызматкерлери жана башка бардык мамлекеттик кызматкерлер үчүн иштелип чыккан тарифти ишке киргизди.
"Мамлекеттик" тарифи ─ бул жөн гана сунуш эмес, Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылып, өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, жана да элинин ден соолугуна кам көргөндөргө ыраазычылык билдирүүнүн белгиси.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен "Кызмат" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылды. Тарифти e-Kyzmat тутумунда катталган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын бардык кызматкерлери кошо алат.
"Мамлекеттик" тарифине төмөндөгүлөр кирет (айына болгону 250 сомго):
• Максималдуу ылдамдыктагы 40 ГБ интернет;
• Wi-Fi таратуу (акысыз);
• Башка операторлорго чалуулар үчүн 20 мүнөт;
• MEGA тармагынын ичинде чектөөсүз чалуулар жана SMSтер;
• Жумуштан кийин бош убакытты кызыктуу өткөрүү үчүн 50 телеканал.
Кантип кошуу керек:
MEGA24 колдонмосуна кирип, "Тарифтер" бөлүмүндөгү "Кошуу" баскычын басуу жетиштүү. Мамлекеттик кызматкер статусуңуз e-Kyzmat тарабынан автоматтык түрдө тастыкталат жана тариф дароо ишке киргизилет.
MEGA байланышты жеткиликтүү жана жашоону ыңгайлуу кылган чечимдерди түзө бермекчи.
MEGA – элине кызмат кылгандарга
ыраазычылык билдирүү менен!