Чүйдө ооруканада тартип бузган мас айдоочу камакка алынды
Чүй облусунда ооруканада тартип бузган айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда, облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрда саат 00:40 чамасында Азамат аттуу эркек киши коомдук тартипти одоно бузуп, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, адепсиз сөздөрдү айтып, Токмок шаардык ооруканасынын кабыл алуу бөлмөсүнүн терезесин сындырган. Окуя боюнча медицина кызматкерлери милицияга арыз менен кайрылышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1993-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, окуядан бир нече мүнөт мурун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери “Токмок – Кошой” жолунда Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочу мас абалда болгондуктан, аны медициналык кароого жеткиришкен. Бирок айдоочу ооруканада тартип бузуп, жабдууларды сындырган.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө, ал эми бул окуяга жол берген милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө дайындалган.